Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек!
ФАТВА > Намаз (о намазе) Дата: 05 Ocak 2018 Email This Post Email This Post

Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек!

Суроо: Мен азыр 2-турмушум менен жашайм, күйөөмдүн бир адаты бар, менин 1-жолдошумду, досторунан сураттырып, баарын билиптир, азыр эми одноклассниктен сүрөттөрүн, эжесинин, ата-энесинин, эски күйөөмдүн, аялынын сүрөттөрүн таап, мага жөнөтө берет, эмне максат менен жөнөтөт түшүнө албай жатам! Турмушта мүдүрүлбөс туяк, жанылбас жаак болбойт, мен жыргаганыман ажырашкан эмесмин да, ушунчалык көнүлүмү оорута турган жийиркенич, сөздөрдү сүйлөйт. Мисалы; званок кылганда албай калсан, кимдин койнунда жатасын? Жүрө бер сүйгөнүн менен эзилишип ж.б. Эриме эмне дешти да билбей жатам, намаз окуган адам! Кенеш бериниздерчи.

Жооп: Сизден кечирим сураймын, бирок эринизде тарбия жагынан кемчилик бар. Эркек, аялына каршы даима адеп-ахлактуу аракет кылышы керек. Бул сөз менен да аракет менен да болот.

Сиз бизден кенеш сурап жатасынар. Ойумузча, эриниз жөнүндө психиатр менен сүйлөшүш керек. Бул тамаша эмес. Керек болсо алпарып көрсөтүш керек. Чыӊдыгында бул чоӊ проблема. Балким психиатр сизге, ишинин адиси болгон үчүн, керектүү жардамды берет.

Аллах мындай дейт:

«Cага берилген бул Китептен (түшүнүп) окуп бер, намаз да оку. Анткени намаз бузукулуктан жана күнөөдөн тыйат. Жана Аллахы эскерүү (зикир) абдан маанилуу (чоң). Аллах, силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат» (Анкебут 29/45).

Сиз айттыныз: «Эриме эмне дешти да билбей жатам, намаз окуган адам!». Намаз окуган кишинин сөздөрү жана аракеттери намаз окуган кишиге ылайыктуу болушу керек. Эгерде андай эмес болсо, анда кишиде адеп-ахлак проблемасы бар. Намаз ошол проблеманы чече албады. Демек намаз окуган киши намазга өзүнү берген жок.

 Аллах бул кишилер жөнүндө мындай дейт:

«Динди жалганга чыгарганды сен көрдүңбү? Дал ошол жетимдерди кууган, жана да ал жардыларга тамак берүүгө үндөбөгөн (үгүттөбөгөн) неме. Ланат (болсун) намаз окуучуларга. Анткени алар намаздарыны ойунчак кылган. (Анан да) алар (намаздарын) эл көрсүнгө жасашат, жана да алар үй шаймандарын (башкаларга) бербегендер» (Маун 107/1-7).

Теги: намаз окуган адам, адеп-ахлактуу болот, тарбия, турумуш, үй-бүлөө, аял-эркек мамилеси, намаз бузукулуктан, күнөөдөн тыйат, Анкебут 29/45, Маун 107/1-7.

Facebook'ta PaylaşTwitter'da PaylaşГ. бөлүшүүOk.ru бөлүшүү
Просмотрено 1.134
 
Другие фетвы по данной теме или близкие
№     Темы Дата    Прочтено    
1 Намазды билбеген мусулман кыз жолукту кийиши керек би? 27.07.2018 129
2 Как понять аят: совершай намаз в обоих половинах дня? (видео) 16.07.2018 97
3 Что в Коране значит выражение салят? 11.07.2018 104
4 Как понять аят: Совершай намаз в обоих половинах дня? 11.07.2018 86
5 Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек! 05.01.2018 1.134
6 Сабыр жана намаз менен Аллахга кайрылын! 23.12.2017 337
7 Намаз – Аллахтын буйругу! 22.12.2017 297
8 Намазды атайын казага калтыруу жөнүндө 15.12.2017 518
9 Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу? 14.11.2017 719
10 Намазда саф тартиби кандай болот? 17.06.2017 454
11 Сапарда болгондор парз намаздарыны кыскартат бы? 14.06.2017 397
12 Жума намазынан кийин «ехтияти пешин» деген намаз окулатбы? 13.06.2017 371
13 Сунниттердин жана шииттердин намаздары 28.03.2017 3.590
14 Куранда намаз убакыттары. Исра сүрөсү аят 78 08.03.2017 2.393
15 Что говорится в Коране о временах намаза? 19.02.2017 479
16 Намаз сүрөлөрү кайсылар? 09.02.2017 2.399
17 Намазда аттахийят жана салаваттардын окуунушун максаты эмне? 09.02.2017 602
18 Тахажуд намаз кандай окуулат? 07.02.2017 5.397
19 Намаз окуубаган мусулман капыр эсептелеби? 30.01.2017 513
20 Намаздын абдан маанилүү болгонун далили 02.12.2016 355
21 Бир гана парз намаздарды аткаруу болобу? 30.11.2016 312
22 Сүннөт (кошумча) намаздарды окуубасак болобу? 15.11.2016 355
23 Намаздан кийн таспих менен зикир кылуу жөнүндө 15.11.2016 494
24 Бир гана парз намаздарды аткаруу болобу? 07.11.2016 298
25 «Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди» 27.10.2016 351