ФАТВА
Мусулмандар жаӊы жылды куттуктаса болобу?

Мусулмандар жаӊы жылды куттуктаса болобу?

Мусулмандар жаӊы жылды куттуктаса болобу?

Суроо: Мусулмандар жаӊы жылды куттуктаса болобу?

Жооп: Жаӊы жыл деген нерсе, бул ар бир адамдын төрөлгөн күнүнөн башталат. 31 декабырьдан 1 январга өтүш, бул мусулмандардын жаӊы жылы эмес. Бул, бир гана календарда барактын алмашганы демек.  

Акыйкатта, жаӊы жыл христиадардын да, еврейлердин да майрамы эмес. Бул ёлка дарагына тапкандардын жана башка башка нерселерге тапкандардын майрамы. Россияга жаӊы жыл, Петр I менен келди. Анан Россиянын эгемендүүлүгүндө болгон бүт Орто Азия өлкөлөрүнө чачылып кетти.

Орто кылымдагы Европа да, христиандар өз диний майрамдарыны унутуп калсын деп, аларга жаӊы жыл майрамы киргизилген. Мусулмандардын да өз диний майрамдарыны жок кылыш үчүн, жаӊы жыл майрамы бирөөлөр тарапынан киргизилген.

Эгерде мусулмандар үйүнө ёлка койсо, шампанский же башка алколду ичимдиктер ичсе жана башка мусулманга жарашпаган иштер кылса, анда христиандардан кандай айырмасы болот?

Расулуллах бизге жашообузда, ар даим үлгү. Анын жашоосунда жаӊы жыл деген нерсе эч качан болгон эмес, туулган күнү болгон эмес, исрап болгон эмес. Анда булар мусулмандарга кайактан келди? Эмне үчүн? Кандай максаты менен? Бугүн бул суроолорду бербесек, эртен башка бир коомга өзгөрүшүбүз мүмкүн…

Теги: жаӊы жыл, жаӊы жылды кандай куттуктайбыз, мусулмандардын майрамдары, исламда жаӊы жыл жок, жаӊы жыл майрамы.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети