ФАТВА
Бакара сүрөсүнүн 189-чу аяты

Бакара сүрөсүнүн 189-чу аяты

Бакара сүрөсүнүн 189-чу аяты

Суроо: Расулуллах учурунда календарь жок болчу, алар ай качан баштады, качан бүттү, кантип билишкен? Рамазан айы, курман айы качан башталат, качан бүтөт кандай билген?

Жооп:  Аллах Куранда бул жөндө керектүү малыматты берип жатат. Жаратылган табиий календарь бул – күн менен ай. Күн менен жылды эсептейбиз, ал эми ай менен – айларды эсептейбиз. Аллах дүйнөнү жараткандан кийин айлар он эки болду. Булар эч качан өзгөрбөйт. Куранда бул сөздөрдүн далили, бул аяттардан чыгат. Аллах мындай дейт:

«Ал күндү – жарык, ал эми айды – нур кылды. Силер жылдарды жана убакытты билүүӊөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Аллах буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн аяттарын баяндайт» (Юнус 10/5).

«Чындыгында, асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахын Өзүнүн Китебинде айлардын саны – он эки. Булардын төртөөсү – ыйык айлар. Мына ушул (ислам) – бекем дин. Ушул айларда өзүңөргө зулумдук кылбагыла. Мушриктер силер менен согушкандай, силер да алар менен согушкула. Билип койгула: Чындыгында, Аллах – такыбалар менен бирге!» (Товба 9/36).

«Алар сенден жаӊы туулган ай тууралуу сураганда, аларга мындай айт: «Ал – адамдар жана ажылык үчүн убакыт өлчөмү» (Бакара 2/189).

Бул аят менен байланыштуу, Расулуллахтан бизге келген сахих хадистер бар. Булардан бирөө мындай: «Качан жаӊы айды көргөн болсонор, анда орозо кармайын (тутун). Качан жаӊы айды кайра көрсөӊөр, анда орозону кармабайын. Эгерде асманда булуттар болсо, анда ошол айды отуз күнгө чыгарын» (Муслим. Орозо (сыям), 1081).

Мына бул аяттар туралуу, мурунку коомдор, календарь болбостон, күндөрүнүдө, айларыныда, жылыныда эсептеген. Бизде ошондой, бирок календарларды даяр алганыбыз үчүн, айга же күнгө карап өзүбүз эсептебейбиз.

Теги: Бакара сүрөсү, 189-чу аяты, Товба 9/36, Юнус 10/5, айлардын эсеби, күндөрдүн эсеби, күн – жарык, ай – нур.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети