ФАТВА
Молдо никеси менен үйлөнсөк болобу?

Молдо никеси менен үйлөнсөк болобу?

Молдо никеси менен үйлөнсөк болобу?

Суроо: Мен күйөмдүн экинчи аялы болом нике кыйдырып жашаганбызга беш жыл болду. Меним эки балам бар биринчи турмушумдан. Күйөм Россияда мени менен жашайт. Меним ата энем билет. Күйөмдүн ата-энеси билбейт. Меним бойумда бар, эки ай болду. Күйөм ата энесин биздин үйгө жиберип кой десем айтпай жатат. Атам үйгө ата-энеси келбесе же өзү келбесе, кантип төрөп келесин, деп көп ойлонуп жатат. Эмне кылам эми? Күйөмүн ата-энеси эч нерсени билбейт. Күйөмдүн ата-энеси менен аялы балдары, чогу Кыргызстанда жашашат…

Жооп: Атаныз, үйгө күйөнүздүн ата-энеси келбесе же өзү келбесе, кантип төрөп келесин, деген нерсени ойлонгонуна карасак, анда бул чоӊ проблема болуп турбайбы. Бул проблеманын бир гана чечими болот, күйөнүздү же ата-энесини, сиздин ата-энениз менен таныштырганга бир жол табын. Анткени, күйөнүздүн экинчи аялы катары, молдо никеси менен үй-бүлөө курганыз үчүн, сиздин эч бир укугунуз жок. Күйөнүз сизди бошойсо, сиз эч нерсе кыла албайсынар. Мындай учурларда каттоодон өтүш керек…

Молдо никеси официалду эмес. Азыркы учурда мамлекет бойунча молдо никеси Кыргыстанда же Россияда өтпөйт. Экинчи аялы болом деген кыздар бул масалени баштан ойлонушу керек, кийин кеч болушу мүмкүн.

Молдо никеси менен үйлөнүү болот, бирок кийин, тез эле бул никени каттоодон өткөзүш керек. ЗАГСта регистрация болбогон никелер, мамлекет мийзанына карата, эч бир өкүмү жок. Муну билген же билбеген эркектер молдолорго барышат, нике кыйдырат, анан ачуусу келгенде таштай берет. Жоопкерчилик болсо, эркек ачуланганда дагы аялына бурбайт жана таштабайт. Мамлекеттик мизан мына бул жоопкерчиликти берип жатат, аялдын укугуну коргойт. Молдо никеси мамлекет бойунча расмий болбогон үчүн, жоопкерчилик деген нерсе жок…

Аятта өткөн «үйлөндүргүлө» сөзү жана буйругу, бул түзмө-түз ата-энеге же камкорчу (опекун деген) кишиге далил болот. Башка аятта Аллах мындай дейт:

«А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин, абийири таза, ыймандуу айалдарга үйлөнүүгө алыңар жетпесе, анда момун айалдардын арасынан күңдөргө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун. Акыйкатта, Аллах силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Алар айагы суйук, же бир жашыруун ойнош күтүүчү болбой, силердин (андай) күнөө иштерге барбаган, абийири таза айалыңар болсун! Эгер алар ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин айалдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Аллах Кечирүүчү, Боорукер!» (Ниса 4/25).

Мына, аятта өткөн «аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле» деген сөз, үйлөнбөстөн мурун ата-энелер же камкорчу кишилер бойдоктордун ким менен үйлөнгөнүнү билиши керек. Бул Курандын эрежеси көп жамандыктардан жана керексиз болгон проблемалардан эркекти да, кызды да, алардын үй-бүлөөлөрүнү да сактайт.

Айрыкча, ата-эненин уруксаты менен үйлөөнүү бул аларга көрсөтүлгөн сый-урмат эсептелет. Кыскача, ата-энеден жашырын (астыртан) үйлөөнүү бул дурус эмес…

Теги: молдо никеси, нике каттоодон өтүш керек, аялдын укугуну, үй-бүлөө, ата-эненин уруксаты менен үйлөөнүү, талак, ажырашуу.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети