ФАТВА
Намаз – Аллахтын буйругу!

Намаз – Аллахтын буйругу!

Намаз – Аллахтын буйругу!

Суроо: Эмнеге мусулмандарга намаз окуш керек? Намаз окуштун мааниси эмне? Момун киши намаз окубаса эмне болот?

Жооп: Намаз – Аллахтын буйругу! Намаз – Аллахты эстөө! Намаз окуу – мусулмандын Аллахга баш ийүиштин далили! Намаз – диндин тиреги!

Аллах Куранда намаз жөнүндө мындай айтты:

«(Мухаммед!) Сага вахий менен берилген Китепти оку жана намазды да оку. Чындыгында, намаз бузукулуктан жана күнөөдөн (жамандыктан) тыйат. Ал эми Аллахты эскерүү андан да чоң. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат» (Анкабут 29/45).

«Чындыгында, Мен – Аллахмын. Менден башка кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намазды толук аткар!» (Таха 20/14).

Мына бул жана башка аяттардан, намаздын кандай маанилүү болгонун жыйынтыгы чыгып жатат. Намаз бир гана кыраат, руку, сажда эмес. Намаз бул Аллах менен байланыш, Аллахга көрсөтүлгөн сый-урмат демек. Момун киши намаз окубаса фасык, күнөөкөр болот. Акиретте да намаз окубагандарга даярдалган жаза бар. Аны бир гана Аллах билет. Ошондуктан, тез убакыттан тооба кылып намазга башташывыз керек.

Теги: намаз, намаз – буйрук, намаз – байланыш, намаз – сый-урмат, намаз – Аллахты эстөө.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети