Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу?
ФАТВА > Намаз (о намазе) Дата: 14 Kasım 2017 Email This Post Email This Post

Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу? 

Суроо: Шариатта аялдар айыз болгондо намаз окушбайт. Бул эреженин далили эмне? 

Жооп: Куранда даарат жөнүндө жана аны бузатурган нерселерди Аллах ачык ачык айтып берди. Дааратты бузатурган шарттардын ичинде айыз каны дааратты бузат деп, анан даарат алгыла деген эреже да жок. Дааратты аркандай кан бузат деген шартта жок ошол аятта. Бул аяттан башка, Куранда даарат менен алектелген аят Ниса 4/43. Аллах мындай дейт:

«Эй, момундар! Намазга турган кезде жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарына чейин жуугула. Башыңарды жана бутуңарды томуктарына чейин сылагыла. Эгерде булганыч болуп калсаңар, толук тазалангыла. Эгерде оору, же сапарда болсоңор, силердин бирөөңөр дааратканадан чыгып, же айалына жакындап, бирок суу таба албасаңар таза топурак менен таямум кылгыла. Аны менен бети-колуңарды сыйпагыла. Анткени, Аллах силерге кыйынчылыкты каалабайт. Силерди тазартууну, ошондой эле шүгүр кылууңар үчүн Өз жакшылыктарынын толук болуусун каалайт» (Маида 5/6).

Бирок шариатывызга аятта эреже катары өтпөгөн нерселер кайяктан кирди?

Бул суроого Аз. Айшанын жообу менен жооп берейли:

«Муаза атында бир аял Айшадан сурады: «Эмнеге аял айыз күндөрү орозо кармайт, бирок намаз окубайт?». Бул суроого Айша мындай деп айтты: «Сен Харуриесинби?». Анда Муаза айтты: «Жок, мен Харурие эмесмин. Бирок бул меним суроом». Анда Айша мындай айтты: «Аялдардын айыз күндөрү башталганда, бизге орозо кармайсынар, бирок намаз окувайсынар деп жазылган» (карагыла: Муслим. Айыз, 67).

Башка аятта айыз жөнүндө мындай айтылат:

«Сенден айыз (этек кир) жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал – жагымсыз нерсе». Этек кири келген убагында аялдардан оолак болуп тургула. Алар таза болгонго чейин  аларга жакындабагыла. Эгер алар тазаланышса, аларга Аллах силерди буйруган жагынан келгиле. Чындыгында, Аллах тооба кылуучуларды жана тазалануучуларды жакшы көрөт» (Бакара 2/222).

Аятка карасак, бул жерде айыз бир тазалануу деген нерсе. Аялдардын физиологиялык жактан тазалануу жөнүндө сөз болуп жатат. Бул тазалык убагында эркектер аялдарына тийбесин, жакындабасын, анткени бул жаман бир иш. Бул Аллахтын буйругу, ким аны бузган болсо, тезден-тез тооба кылсын.

Мына көрүп жатасынар, аятта айыз болгон аял бир гана күйөсү менен жыныстык мамеледе болоалбайт. Бирок намаз окуалбайт же орозо кармалбайт деген шариат эрежеси жок. Андай эреже Куранда табалбайсынар. Эгерде орозо аяттарына карасанар, ал аяттарда да бир гана ооруп жаткан жана сапарга чыккан кишилерге орозо парз эмес. Башка бүт баарына парз…

Демек, аяттарда аялдар үчүн намаз окуганга айыз болгон учур себеп же шарт эмес. Бирок, эмнеге Аз. Айшанын сөзү, намаз жөнүндө, аяттарга туура келбейтат, аны ачыкчасы билбейбиз…

Теги: аялдар айыз болгондо намаз окуйбу, аялын намазы, айыз болгон аялдын орозосу, шариат, дин, Куран, аят, хадис, Маида 5/6, Бакара 2/222.

Facebook'ta PaylaşTwitter'da PaylaşГ. бөлүшүүOk.ru бөлүшүү
Просмотрено 779
 
Другие фетвы по данной теме или близкие
№     Темы Дата    Прочтено    
1 Намаз мусулманга кандай таасир берет? 18.08.2018 126
2 Намазды билбеген мусулман кыз жолукту кийиши керек би? 27.07.2018 173
3 Как понять аят: совершай намаз в обоих половинах дня? (видео) 16.07.2018 131
4 Что в Коране значит выражение салят? 11.07.2018 183
5 Как понять аят: Совершай намаз в обоих половинах дня? 11.07.2018 121
6 Намаз окуган адам адеп-ахлактуу болуш керек! 05.01.2018 1.167
7 Сабыр жана намаз менен Аллахга кайрылын! 23.12.2017 371
8 Намаз – Аллахтын буйругу! 22.12.2017 328
9 Намазды атайын казага калтыруу жөнүндө 15.12.2017 562
10 Аялдар айыз болгондо намаз окуйбу? 14.11.2017 779
11 Намазда саф тартиби кандай болот? 17.06.2017 480
12 Сапарда болгондор парз намаздарыны кыскартат бы? 14.06.2017 450
13 Жума намазынан кийин «ехтияти пешин» деген намаз окулатбы? 13.06.2017 396
14 Сунниттердин жана шииттердин намаздары 28.03.2017 3.645
15 Куранда намаз убакыттары. Исра сүрөсү аят 78 08.03.2017 2.415
16 Что говорится в Коране о временах намаза? 19.02.2017 554
17 Намаз сүрөлөрү кайсылар? 09.02.2017 2.441
18 Намазда аттахийят жана салаваттардын окуунушун максаты эмне? 09.02.2017 668
19 Тахажуд намаз кандай окуулат? 07.02.2017 6.089
20 Намаз окуубаган мусулман капыр эсептелеби? 30.01.2017 565
21 Намаздын абдан маанилүү болгонун далили 02.12.2016 383
22 Бир гана парз намаздарды аткаруу болобу? 30.11.2016 339
23 Сүннөт (кошумча) намаздарды окуубасак болобу? 15.11.2016 387
24 Намаздан кийн таспих менен зикир кылуу жөнүндө 15.11.2016 534
25 Бир гана парз намаздарды аткаруу болобу? 07.11.2016 326
26 «Акыйкатта, намаз момундарга белгилүү убакытка бекитилди» 27.10.2016 371