ФАТВА
Мусулман киши водка (арак) ичсе болобу?

Мусулман киши водка (арак) ичсе болобу?

Мусулман киши водка (арак) ичсе болобу?

Суроо: Аллах Куранда шарапты арам кылды, бирок арак жөнүндө эч нерсе айткан жок. Куранда шарап жүзүмдөн жасалган үчүн арам кылынган. Бирок арак түрүндөн болгон нерселер арпадан жана буудайдан жасалган нерселер. Ошондой эле, бир мусулман киши арак ичсе болобу?

Жооп: Аллах Куранда шарапты да, аракты да арам кылды! Бул жөндө шек жок. Бир канча аятта шарапты арам кылган Аллах, Маида сүрөсүнүн 90-чу аятында башты айлантурган бүт алколдуу ичимдиктерди да арам кылды.

Аллах мындай дейт: «Эй, момундар! Хамр (акыл-эсти өчүргөн бүт нерселер), кумар, (сыйынуу үчүн) кадалган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар. Чындыгында, шайтан хамр менен, кумар менен ортолоруңарга душмандык, же кек салып, Аллахы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?!» (Маида 5/90-91).

Бул аяттарда өткөн хамр келимеси, Куран тили менен, бүт баш айлантурган нерселер жөнүндө айтылган. Демек, алколдуу ичимдиктер эмнеден жасалган болсо жасалсын, алардын баары мусулмандарга жана мусулман болбогон бүт инсандарга арам. Анткени алколдуу ичимдиктердин ичинде хамр – баш айлантурган нерсе бар. Бул нерселердин баары ыплас эсептелет. Ыплас болгон нерселер – шайтандын тузактыры. Шайтандын тузактары да аятта ачык ачык айтылган.

Теги: мусулман, мусулманчылык, водка (арак), хамр, шарап, арам нерселер, алколдуу нерселер, Маида 5/90-91.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети