ФАТВА
Мусулман киши христиан же еврей аял менен үйлөнсө болобу?

Мусулман киши христиан же еврей аял менен үйлөнсө болобу?

Мусулман киши христиан же еврей аял менен үйлөнсө болобу?

Суроо: Мусулман киши исламды кабыл албаган бир христиан аял менен үйлөнсө болобу?

Жооп: Албетте болот! Аллах Куранда, мусулмандарга, христан же еврей аялдар менен үйлөнүүгө уруксат берди… Аллах мындай дейт:

«Бүгүн силерге жакшы нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силер үчүн адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал. Өзүн арамдан таза туткан момун айалдар жана китеп ээлеринин өздөрүн ыпластыктан сактаган айалдары менен калың берип, бузуку-ыпластык кылбастан үйлөнүү силерге адал. Ким ыйманга каршы чыкса, анын сооптору жойулат жана ал Акыретте зыйан тартуучулардан болот» (Маида 5/5).

Мына, Аллахтын буйругуну ачык турат. Бирок башка аятта Аллах динде зордоо жок дейт. Демек, аял христиан же еврей болсо, анда мусулман эркек аялына исламды үйрөтүшү керек. Үйрөткөндөн кийин аял исламды кабыл албаса, андан кийн аял өзү билет. Анткени, бардыгыбыз Аллахка кайра кайтабыз.

Аллах мындай дейт:

«Динде зордоо жок! Чындыгында, тууралык менен азгырыктын ажырымы айкын болду. Кимде-ким будпарастыктан баш тартып, Аллахга ыйман келтирсе, ошондо ал (эч качан) кыйрабас бекем таянычка ээ болот. Аллах – Угуучу, Билүүчү!» (Бакара 2/256).

Мисалы, Нух жана Лут пайгамбарлардын аялдары да каапыр болгон. Бирок, алар аялдарыны бошойгон жок. Аларга Аллахтан азап келди…

Теги: динде зордоо жок, мусулман киши, христиан же еврей аял менен үйлөнсө болобу, Нух жана Лут пайгамбарлар, алардын аялдары да каапыр болгон, Бакара 2/256, Маида 5/5.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети