ФАТВА
Бейиште жубайлар кайра бирге болобу?

Бейиште жубайлар кайра бирге болобу?

Бейиште жубайлар кайра бирге болобу?

Суроо: Меним суроом мындай: Бейиште жубайлар кайра бирге болобу? Эркек өзүнүн аялыны жана балдарыны көрөбү?

Жооп: Аллах Куранда мындай дейт:

«(Аллах такыбаларга): «Эй, пенделерим! Бүгүн силерге кооптонуу жок жана кайгырбайсыӊар». Алар Биздин аяаттарыбызга ыйман келтирип, мойун сунуучулар. «Бейишке киргиле. Силер да, жубайларыӊар да сыйга бөлөнөсүӊөр» (Зухруф 43/68-70).

«Акыйкатта, Бейиш ээлери бүгүн өз иштери менен жыргап-ырахаттанышат. Алар жубайлары менен көлөкөдө, мамыктарда сүйөнүп, жазданышат (жатышат). Аларга анда (түрдүү) жемиштер жана каалагандары бар. Боорукер Жараткандын сөзү – «Салам!» (болот)» (Ясин 36/55-58).

Мына көрүп жатасынар, Аллах аяттарда жубайларын бейишке бирге киретурганыны айтып жатат. Мындан ашык эчтеке да айткан жок. Балким жубайлардан бирөө мурун, бирөө кийин кириши мүмкүн. Бирок бейиште барыбир жолугат…

Теги: бейиште жубайлар кайра бирге болобу, эркек өзүнүн аялыны, балдарыны бейиште көрөбү.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети