ФАТВА
Ата-энелердин балдарыны үйлөндүрүүдө ролю кандай?

Ата-энелердин балдарыны үйлөндүрүүдө ролю кандай?

Ата-энелердин балдарыны үйлөндүрүүдө ролю кандай?

Суроо: Кыз жана эркек үйлөнө турган абалга жеткенде, алардын үйлөнгөнүнө ата-эненин уруксаты керек би? Же алар ата-энеге айтпастан үйлөнсө болобу? Аллах бул жөндө Куранда эмне дейт?

Жооп: Ата-эне, экөө бар болсо – экөөсү, болбосо – бирөөсү, экөөсүдө болбосо, анда камкорчу (опекун деген) киши үйлөнө турган абалга жеткен балага да, кызга дагы карашы керек. Динивизде бул нерсеге текшерүү (контроль) деп айтылат. Балдардын үйлөнбөстөн мурун кылынган мындай контрольдун көп пайдалары бар. Бул жөн эле айтылган нерсе эмес. Аллах Куранда мындай дейт:

«Араңардагы бойдокторду, кол алдыңардагы  кул-күңдөрдүн такыбаларын, дурустарын үйлөндүргүлө. Ал тургай алар кедей-жакыр болсо да. (Анткени) аларды Аллах Өз берешендиги менен байытат. Аллах – Берешен, Билүүчү!» (Нур 24/32).

Аятта өткөн «үйлөндүргүлө» сөзү жана буйругу, бул түзмө-түз ата-энеге же камкорчу (опекун деген) кишиге далил болот. Башка аятта Аллах мындай дейт:

«А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин, абийири таза, ыймандуу айалдарга үйлөнүүгө алыңар жетпесе, анда момун айалдардын арасынан күңдөргө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун. Акыйкатта, Аллах силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Алар айагы суйук, же бир жашыруун ойнош күтүүчү болбой, силердин (андай) күнөө иштерге барбаган, абийири таза айалыңар болсун! Эгер алар ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин айалдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Аллах Кечирүүчү, Боорукер!» (Ниса 4/25).

Мына, аятта өткөн «аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле» деген сөз, үйлөнбөстөн мурун ата-энелер же камкорчу кишилер бойдоктордун ким менен үйлөнгөнүнү билиши керек. Бул Курандын эрежеси көп жамандыктардан жана керексиз болгон проблемалардан эркекти да, кызды да, алардын үй-бүлөөлөрүнү да сактайт.

Айрыкча, ата-эненин уруксаты менен үйлөөнүү бул аларга көрсөтүлгөн сый-урмат эсептелет. Кыскача, ата-энеден жашырын (астыртан) үйлөөнүү бул дурус эмес…

Теги: ата-энелердин балдарыны үйлөндүрүдө ролю, ата-эне жана бойдоктордун үйлөнө турган абалы, аларга кожойунунун уруксаты менен татыктуу калың берип үйлөнө бергиле, үйлөндүргүлө.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети