ФАТВА
Телефон менен талак берилетби?

Телефон менен талак берилетби?

Телефон менен талак берилетби?

Суроо: Мен аялым менен урушуп кеттим, анан абдан ачууландым. Үйдөн кеткенден кийин телефон чалып аялыма үч талак берип, аны бошодум. Айткан сөздөрүмү ойлондум, абдан өкүнүп жатам. Үй-бүлөмдүн бузулганыны калабаймын. Үч талак айткандан кийин эмне кылышым керек? 

Жооп: Аллахтан кечирим сурашыныз керек. Бир дагы мындай иш кылбаганга Аллахга сөз берин. Сабырдуу болун. Аялынызга үлгү болушунуз керек. Ачуулангандан кийин, тез эле талак берген киши – күчтүү эркек эсептелбейт.

Биринчиден, телефон менен талак берилбейт. Кандай, үйлөнгөндө, күбөлөр алдында: «Мен паланча кызды аялга кабыл алдым», деген сыйактуу болсонор, анда ажырашканда дагы ошондой, күбөлөр алдында: «Мен аялыма талак бердим», айтышыныз керек. Башкача бул иш болбойт…

Экинчиден, бирден үч талак берүү, андай нерсе динивизде жок! Бирден үч талак берүү, бул акыйкат эмес. Куранда эки талак бар. Бул, эки талактан кийин, кайра кайтуу бар. Бирок булардан кийин үчүнчү талак берилгенде, анан кийин кайра кайтуу болбойт…

Аллах мындай дейт:

«Талак (ажырашуу) эки жолу болот (ирет). Ошондуктан тууралык менен кармоо, же жакшылык менен ажырашуу (керек). Аларга бергениңерден бир нерсени (кайра) алуу адал эмес. Бирок экөөсү тең Аллахын чегин сактай албай калуудан коркушса, же силер да ал экөөсү Аллахын чегин сактай албоосунан корксоңор, анда аялдын күйөөсүнө төлөм берүүсүндө экөөнө тең күнөө жок. Мына ушул – Аллахын чектери. Андан аша чаппагыла. Ким Аллахын чегинен өтсө, мына ошолор – заалымдар.

Күйөөсү аялына (үчүнчү жолу) талак берсе, андан ары ал башка күйөөгө тиймейинче адал эмес. Эгер ал ага талак берсе, экөөсү тең: «Аллахын чектерин сактай алабыз» – деп ойлошуп, кайра жарашышса анда күнөө жок. Бул – Аллахын чектери. Аны биле турган коом үчүн баяндайт» (Бакара 2/229-230).

Ошондуктан үй-бүлөнүз бузулган жок, берген талактар сахих эмес. Аллахтан кечирим сурайын. Бактылуу болун.

Теги: телефон менен талак берилетби, бирден үч талак берүү, андай нерсе динивизде жок, үй-бүлө, мен паланча кызды аялга кабыл алдым, Бакара 2/229-230.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети