ФАТВА
Үй-бүлөө проблемалары жана кайын эне…

Үй-бүлөө проблемалары жана кайын эне…

Үй-бүлөө проблемалары жана кайын эне…

Суроо: Үй-бүлөөгө кыздын энеси аралашып ажыраштырганы туурабы? Бул учун кандай жазаланат? 

Жооп: Үй-бүлөөнү ажыраштырганга эч кимдин укугу жок, бул кыздын энеси болсо дагы. Бирок үй-бүлөөдө кандай бир проблема, ошого карап чечим келтириш керек. Эгерде жубайлар экөө ортолорунда чыгып жаткан кечимсиздикти чечеалбаса, анда күбөөлөр ортого кирип жардам беришет. Күбөөлөр жакын туугандардан болушу мүмкүн же ата энелер болушу мүмкүн.

Бирок себепсиз, эч бир ата эне өз балдарынын үй-бүлөөсүнө аралашып ажыратканга укуктары жок. Аралашкан учурда үй-бүлөөнү бузган ата-энелерге Аллах өзү жаза берет. Куранда буларга өзгөчө бир жаза жок. Бирок андай кылган кишилерге Аллахын каргышы жана наалаты болот. Аллах багыштасын.

Эгерде мүмкүн болсо, бирөлөргө айтып, ошол кыздын энесине бираз динден, Курандан бир канча маселе насаат катары берилсе, балким ынсапка келет жана бул жаман иштен кайрылат.

Эскертме: Көбүнчө кыздын ата-энелери үй-бүлөөгө аралашы, бул кыздарынын үй-бүлөөдөгү болуп жаткан бүт нерселерди сыртка чыгаруу себебинен болот. Эгерде келиндер бираз сабырдуулук кылса жана тилини коргосо, балким бул маселелер эч болбойт эле.

Ошондуктан эркектер биринчиден аялдарына насаат бериши керек.

Теги: үй-бүлөөгө проблемалары, ата-энелердин аралашы, кыздын энеси аралашып ажыраштырганы туурабы.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети