ФАТВА
«Рисале-и Нур» – Курандын тафсири эсеплетби?

«Рисале-и Нур» – Курандын тафсири эсеплетби?

«Рисале-и Нур» – Курандын тафсири эсеплетби?

Суроо: Менде мындай суроо бар. Нур жамаатын жолун жолдоочулары Саид Нурсинин жазган «Рисале-и Нур» китептери Курандын тафсири деп айтышат. Ошол айткандары чыӊ бы?

Жооп: Оба, алар ушундай деп айтышат. Бирок чындыкта андай эмес. Анткени Рисале-и Нур абдан кыйын бир стиль менен жазылган. Жана ал китептердин мазмуну Курандын тафсирине дагы жарашпай бир стиль менен жазылган экен. Курандын тафсири окугандарга кыйын болгон жерлерин түшүнүшүнү мүмкүн болгончо жеӊил кылуу максаты менен жазылат. Бирок Рисале-и Нурда ушундай жеӊилчилик жок. Ошол китептерде Куранга жараша, актуалдуу жана абдан маанилүү темалар тафсир кылынган эмес. Мисалы, Рисале-и Нурда үй-бүлөө куруу, ажырашуу, баланы эмизүү, мурас, капырларга мамиле, согуш этикасы, туткундарга мамиле жана башка маанилү темалар тафсир кылынган жок.

Рисале-и Нур китептеринде бир гана эки жүзгө жакын аят иштелген экен, башка аяттар тафсир кылынган жок. Бул биринчиден. Ал эми экинчиден, эчким Куранды тафсир кыла албайт. Анткени, Аллах Куранды өзу ачыктап берген. Ким, мен Куранды тафсир кылдым деген болсо, ал киши өзүнү Аллахтын ордуна койюп жатат. Бул акыйкат Худ сүрөсүндө айтылат:

«Алиф, лам, ра. Бул (Куран) – айаттары бекитилген жана Даанышман, Билүүчү (Аллах) тарабынан ачыкталган (тафсир, байан кылынган) Китеп. (Ошундай кылганы), Аллахтан башкага сыйынбаш үчүн! Чындыгында, Мен (Мухаммад) силерге Ал тараптан эскертүүчү жана Кубандыруучумун» (Худ 11/1-2).

«Алар сага кайсы бир мисалды келтиришсе, Биз сага (ага карата) чындыкты жана эң жакшы чечмелөөнү (тафсирди) келтиребиз» (Фуркан 25/33).

«Бул Куран Аллахтан башканын ойунан чыгарылган эмес. Ал (Куран) мурункуларды (Китептерди) тастыктоо жана Китепти түшүндүрүү (тафсиль кылуу) үчүн жөнөтүлгөн.  Анда шек жок, (ал) ааламдардын Эгесинен келтирилген» (Юнус 10/37).

Саид Нурси деген алымдын жетекчилери чи, алар жалгыз Рисале-и Нурду окушат, башка алымдардын китептерини окубайт. Куранды да бир гана бетинен, Ахмед Хусрав деген алымдын жазган «хаттындан» окушат (жалгыз арапчасыны). 

Булардын туура эмес ойлорундан бирөөсү, бул Рисале-и Нурду окубаган кишилер жана бул жамаатка кирбегендер, бейишке эч качан кирбейт!

Бул сөздөр еврей жана христиандардын сөздөрүнө окшоп турат. Аллах мындай дейт:

«Алар: «Бейишке иудей же христиан болгондон башка эч ким кире албайт», – дешет. Бул – алардын үмүт-тилеги гана! Аларга: «Эгер айтканыңар чын болсо, далилиңерди келтиргиле!» – деп айт» (Бакара 2/111).

«Алар: «Иудей, же христиан болгула, туура жолду табасыңар», – дешти. Силер: «Жок! Ибрахимдин дини таза, ал ширк кошкондордон болгон эмес», – дегин!» (Бакара 2/135).

Бирок Саид Нурсинин туура эмес сөздөрүнөн эӊ мыктысы, бул: «Меним Рисале-и Нур китебим, Курандын түшкөн жеринен (Лявхи-махфуздан) мага жаздырылды» деген сөзү. Бул сөз абдан коркунучту бир маселеге алып жатышат.

  1. Эгерде Рисале-и Нур, Курандын түшкөн жеринден Саид Нурсиге берилген болсо, анда Рисале-и Нур – Куран сыяктуу деген сөз чыгватат.
  2. Эгерде Рисале-и Нур, Курандын түшкөн жеринден Саид Нурсиге берилген болсо, анда ал өзүнө пайгамбар деп айткан сөз чыгватат.

Биринчиден «Левхи махфуз», бул асмандагы бир жер, же Курандын жазылган жери эмес. «Левхи махфуз», арапчадан которгондо сакталган такта, же Куран коргон жана сакталган бир такта (левха, барак). Бул сөздөрдүн далили Буруж деген сүрөнүн 21 жана 22-чи аяттарында айтылып жатат.

Анда «Левхи махфуз» – бул Курандын жазылган жана сакталган асмандагы жери эмес, бирок Куран сакталган бир китеп экен бир маани чыгватат.

Бул сөз менен Саид Нурси өзүнүн «Рисале-и Нур» деген жазмасыны Куран даражасына көтөргөн. Ким, өзү китеп жазып, анан бул китеп Аллахтан берилди же жаздырылды деген болсо, аларга Аллах мындай жооп берип жатат:

«Арзыбаган акчага сатуу үчүн өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны: «Бул Алладан келген» – дегендерге азап болсун! Аларга колдору менен жазгандары үчүн азап болсун! Алар кылган кесиптери үчүн азап болсун!» (Бакара 2/79) (жана Али-Имран 3/78).

Экинчиден, Саид Нурсиге, өз жамааты ичинде, пайгамбар жана махди дегендер бар. Билесинер акыркы Наби, бул Мухаммед алейхиссалам болгон, андан кийин наби-расуль кельбейт. Аллах мындай дейт:

«(Эй, мусулмандар! Мухаммед) силерден эч бир эркектин атасы эмес. Ал – Алланын расулу (элчиси) жана набилердин акыркысы. Аллах – бардык нерсени Билүүчү!» (Ахзаб 33/40).

Бул аятта Наби дегенде, башка элчи келбейт айтылватат.

Бугүн Саид Нурсиге эчтеке айталбайбыз, бирок анын китептерини окуган жана жолуну туткандарга бул аяттар жана сөздөр бир эскертме катары болсун.

Теги: Куран, аяттар, Рисале-и Нур, тафсир, Саид Нурси, нур жамааты, үй-бүлөө куруу, ажырашуу, баланы эмизүү, мурас, капырларга мамиле, согуш этикасы, туткундарга мамиле.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети