ФАТВА

Зекет – бул бүт диндердин буйругу!

Зекет – бул бүт диндердин буйругу! 

Суроо: Аллах Куранда намаз, хаж, орозо жана курбан – бул ибадаттар бүт коомдорго жана диндерде буйрук болуп айтылган. Зекет жөнүндө ошундай айтылабы?

Жооп: Ооба, айтылат. Аллах Куранда мындай дейт: 

«Чындыкта, Биз сага, Нухка жана кийинки пайгамбарларга жөнөткөн вахийдин бирдей болгонун (окшош) вахийди жөнөттүк. Жана Биз ошол вахийден Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Якупка жана алардын урпактарына, Исага, Айупка, Юнуска, Харунга, Сулайманга жөнөттүк. Давутка Забурду бердик» (4/163) (карагыла: 21/71-72, 42/13, 41/43).

Демек, бул аяттан мындай маани пайда болуп чыгватат – намаз, орозо, зекет, хаж, булар баары, мурунку диндердин буйругу экен… 

Аллах мындай дейт: 

«Аларды Биздин буйругубуз бойунча туура жолду көрсөтө турган башчы кылдык жана аларга жакшылыктарды кылууга, намаз куп, зекет берүүгө аяттар бердик. Алар Бизге сыйынуучулардан болушту» (21/73). 

«Ал (Иса): Акыйкатта, мен Аллахтын пендесимин. Ал мага китеп берди жана мени пайнамбар кылды. Ал мен кайда гана болбойун мага кут даарытты. Тирүү турганымда мага намаз окууга, зекет берүүгө тапшырма берди» (19/30-31). 

Мына, бүт бул аяттардан, зекеттин башка диндерде өткөнүнү үйрөндүк. 

Теги: зекет, бүт диндердин буйругу, намаз, орозо, зекет, хаж, 19/30-31, 21/73, 4/163, 21/71-72, 42/13, 41/43.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети