ФАТВА
Жума намазынан кийин «ехтияти пешин» деген намаз окулатбы?

Жума намазынан кийин «ехтияти пешин» деген намаз окулатбы?

Жума намазынан кийин «ехтияти пешин» деген намаз окулатбы?

Суроо: Кыргызстандын Ноокат районунда жума намазынан кийин, ехтияти пешин, деген намаз окулат. Ушул намаз окулуш керекпи?

Жооп: Бул масаленин узун бир тарыхы бар. Аны өздөрүнүз таап окусанар болот. Бирок, биздин айтатурган сөзүвүз, жума күндөрү, пешим намазы убактысында, бир гана жума намаз окулат! Ехтияти пешин намазы – бул пешим намазы болот. Ошол жумадан кийин пешим намаздын 4 парзы, жана 2 сүннөтү окулат. Бардыгыны эсептегенде, жума намазы менен, 16 ракят болуп чыган.

Аллах бизге жума күндөрү жума намазды парз кылды. Ал эми жума намазы пешим намаздын убактысында окулган үчүн, пешим намаз түшөт, башкача айтканда – окулбайт.

Жума күндөрү окулган ехтияти пешин намазы, түзмө түз мазхаб аалымдардын өз чыгармасы. Расулуллах заманында ошундай намаз болчу эмес. Кайяктан чыкты бул?! Динде жок болгон, бирок динге кийин киргизилип аткарылган нерселерге Расулуллах бидат деген! Айтылган маселе бидат деп эсептелет.

Момундар – жума күнү жума намазга окуш үчүн барганда меним намазым, инша Аллах, кабыл болду деп, ишенген кишилер деген. Бирок, кайсыл бир момун, меним намазым кабыл болбоду деп, жума намаздан кийин ехтияти деген намазды окуса, анда Аллах жума намазды кабыл кылбады пикирине ишенген киши болуп эсептелет. Мындай пикирден Аллах сактасын.

Кыскасы, жума күнү, пешим намаздын ооруна, жалгыз жума намаз окулат…

Теги: жума намазынан кийин, ехтияти пешин, деген намаз окулатбы, Расулуллах заманында, ошундай намаз болчу эмес, жума намаз.

Ваш комментарий

Новые материалы

Наши социальные сети